Депутаттар же бийлик тарабынан шаар мэрлигине келгендер элге эмес, кызматка алып келгендердин гана буйругун аткарат. Мындай пикирди бүгүн, 1-августта саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
"Мэрди бийлик же депутаттар шайласа, анда мэр аларга гана кызмат кылып калат. Биз бул маселени талкуулашыбыз шарт эмес. Мэрди эл шайлашы керек. Башка жакшы жол жок. Сингапурдун да, Куала-Лумпурдунда да жана Токио сыяктуу бир топ өнүккөн шаарлардын мэрлерин эл шайлайт. Эл шайлаган мэри бар шаарлар өнүгө турганы далилденген", - деди Жээнбеков.
Ошондой эле ал аталган маанилүү тегерек столго саясатчылардын келбей койгонун сынга алды.
Учурда Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.