"Азиз Суракматовдун Бишкек мэрлигине сунушталышы таң калычтуу болду" дейт бүгүн, 1-августта тегерек столдо укук коргоочу Калича Өмүралиева.
Анын айтымында, шаар мэрлигине көбүнчө ишкерлер келип калууда.
"Азыр ким шаардык кеңештин депутаттарынын ишине канааттанат? Эч ким канааттанбайт. Азиз Суракматов буга чейин "Ак жол" партиясында болчу. Эми КСДП аркылуу Бишкек мэрлигине сунушталып жатат. Кайсы партия күчтүү болсо ошол жакка өтүп кете бериш керекпи? Анда жеке позиция жок болуп калбайбы? Партияга карата сый, баалоо болушу керек да", - деди Өмүралиева.
Учурда Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов жалгыз ат салышууда.