Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мүзүралиев "Республика-Ата Журт" фракциясы эмне үчүн мэрликке талапкер сунуштабаганын айтты

"Бишкек шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясында мэр болууну каалагандар жок болчу. Ошондуктан мэрликке талапкер чыгарган жокпуз", - деди шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев.

Анын айтымында, учурда мэрди шайлоо мыйзам чегинде кетип жатат.

"Биздин талапкер чыгарбаганыбыздын себеби бар болчу. Мен силердин сунушуңарды 100 пайыз колдойм. Бирок учурда мэрди шайлоо мыйзам чегинде кетип жатат", - деди Мүзүралиев.

Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jugorsk
2018-08-01 12:07:47
Дух жетпеди чыгарганга деп эле мойунга алсанар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан