"Мэр шайлана электе жарандык коом, шаардыктар үнүбүздү, талабыбызды айтышыбыз керек", - деп бүгүн, 1-августта тегерек столдо жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, мурда бийлик тарабынан сунушталган экс-мэрлер коррупция боюнча айыпталып камакта отурат.
"Буга чейин бийлик тарабынан сунушталып, мэр болгон Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов учурда коррупцияга айыпталып, камакта отурат. Азыр да ошол жол менен кетип жатабыз. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болгонго чейин биз өз талабыбызды айтып мэриянын алдына чыгышыбыз керек", - деди ал.
Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өттү. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.