"Демократиялык шайлоо болуусу үчүн шаар мэрлерин жарандар шайлашы керек", - дейт укук коргоочу Калича Өмүралиева.
Ал аталган пикирин бүгүн, 1-августта Бишкекте өткөн "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек столдо билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгында, атайын резолюция кабыл алынып, тийиштүү органдарга кайрылуу жолдонору айтылды. "Шаар мэрлерин депутаттар эмес, тургундар шайлашы керек. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин сунуштап, президентке, премьер-министрге жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдойбуз. Азыр буга байланыштуу кол чогултулуп жатат", - деди Умуралиева.
Аталган тегерек столго саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов жалгыз ат салышууда.