Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынан билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышат. Алардын арасында Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, Самат Шырдаков жана башка белгилүү балбандар бар.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов;
77 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов;
87 килограммга чейинки салмак ченинде: Самат Шырдаков;
97 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов;
Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбаев.