Кыргыздын жаш хоккейчилери Словенияда өтүп жаткан мелдешке катышып, алгачкы беттеште австриялык команданы утуп алды

Кечээ, 1-августта Словениянын Любляна шаарында өспүрүмдөр арасындагы хоккей боюнча эл аралык мелдеш старт алып, анда "Дордой" командасы австриялык команданы утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке 2003-жылы төрөлгөн спортчулардан түзүлгөн 8 команданын катышууда. Мелдеште АКШ, Словения, Швеция, Австрия, Кыргыз өлкөсү жана башка мамлекеттерден келген командалар күч сынашууда.

Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдеште "Дордой СДЮШОРСИ" командасы катышып, алар алгачкы беттеште австриялык команда менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында "Дордой" 10:2 эсеби менен жеңишке жетти. Кийинки беттеште Кыргыз командасы швециялык команда менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Talant_27
2018-08-02 10:12:57
Видеосун кайдан корсо болот, Админ
+1
Abish99
2018-08-02 10:21:17
Соонун ийгилик. Кыргызстандын атын дуйного таныткыла
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан