Ош шаарында "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жеңилдетилген ипотекага батирлер берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик дирекция тарабынан бир нече үй курулуп, ар тармактагы мамлекеттик кызматкерлерге узак мөөнөткө ипотекага батирлер берилген. Учурда ал батирлерден чогулган каражаттар Ош шаарынын мэриясынын бюджетине келип түшүүдө. Бул каражаттын эсебинен эми шаардын тазалыгына кам көргөн, "Ош Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери үчүн үйлөр курулуп, жеңилдетилген ипотекага берилет. Үйлөр 2-3 жылдын ичинде курулуп бүтүп, болочок ээлерине тапшырылуусу каралууда", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
2018-жылдын биринчи жарымында Ош шаарында 222 миң 948 метр куб таштанды чыгарылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 130 метр кубга көп.