Премьер-министр: "Быйыл билим берүүгө бюджеттен былтыркыга салыштырмалуу 27 пайызга көп каражат бөлүндү"

"Аймактарды өнүктүрүүгө багытталып 20 шаардын бизнес планы иштелип чыгууда". Бул тууралуу 3-августтагы өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Анын айтымында, бул жылы өкмөт аймактарга өзгөчө көңүл бурат.

"Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияга кошумча каражат бөлүндү. 104 жаңы объект салына турган болууда. Өзгөчө кырдалдардан жабыркаган аймактарда 16 объект пайдаланууга берилди. Билим берүү тармагын каржылоого былтыр 21 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 29 миллиард сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 27 пайызга көп", - деди премьер-министр.

Учурда өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KyrgyzKagan
2018-08-04 16:16:33
Быйыл салынат, качан? Жылдын жарымынан көбү кеттиго уже(((.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан