Жогорку окуу жайларды аяктагандардын 33 пайызы жумушсуз. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Ал жумушсуздарды ишке орноштуруу маанилүү маселе экенин баса белгиледи. "Биз даярдаган кадрлар коомдон өз ордун таабуусу керек. Жаштардын 8 гана пайызы мекенчил экенин көрсөтүптүр. Калганы бул сезимден алыс. Бул факт атайын изилдөөнүн жыйынтыгынан келип чыккан. Биз аларды эмгекке, мекенчилдикке тарбиялашыбыз керек. Эмгекке тарбияланган өлкөлөр кандай өнүгүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз", - деди Абылгазиев.
Өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өтүп жатат.