Премьер-министр өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишсиз экенин айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл өкмөттүн алдына 30 инновациялык мектеп куруу планы коюлганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-августта өкмөттө өтүп жаткан жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдөгү бардык мектептерди интернетке туташтыруу пландалган. "Биз жөнөкөй гана мектептерди курбастан, алардын сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Учурда өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишсиз. Республикадагы 73 бала бакчанын имаратында мамлекеттик мекемелер орун алган. Алар ошол жерде ээлеп отурат. Чек ара кызматы, социалдык фонд жана жеке менчик мекемелер ээлеп алган. Канчалаган бала бакча менчиктештирилген. Ал жерди кеңсе кылып отурушат", - деди премьер-министр.

Өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gknb.life
2018-08-03 19:34:13
Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдөгү бардык мектептерди интернетке туташтыруу пландалган.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/240349/ ийгилик мактоону жактырбайт, жумуш буткондон кийин айтса жарашмак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан