Вице-премьер 6 айда өспүрүмдөрдүн кылмышы эки эсеге өскөнүн айтты

"Мен азыр эле коркунучтуу факт менен тааныштым. Ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн кылмышы эки эсеге өсүптүр" деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт жыйынында.

Анын айтымында, былтыркы жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн 460 кылмыш фактысы катталган. "Быйыл 955 факт катталыптыр. Өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүү керек. Мына, бул жыйында облус башчылары отурасыңар. Ушул багытта силердин да жардамыңар керек болууда", - деди Өмүрбекова.

Өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан