Өнүккөн өлкөлөрдө пайдаланылып жаткан дары-дармектер Кыргыз мамлекетине 2019-жылдан тартып текшерүүсүз кириши керек. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 3-августтагы өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ишенимдүү компаниялардан келген дарыларды каттоого алуу менен эле өлкөгө киргизүү жетиштүү. "АКШ, Япония, Түштүк Кореяда жана башка Европа мамлекетеринде сертификациядан өтүп, пайдаланылып жаткан дары-дармектерди текшерүүсүз киргизишибиз керек. Же бизде алардыкынан күчтүү лабораторияларыбыз барбы? 2019-жылдан баштап ушул ыкмага өтүшүбүз шарт. Биз ушул тартипти орнотолу. Бул ыкма дары-дармек тармагындагы коррупцияны жоё алат", - деди Абылгазиев.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармекти түз алып кирүүгө жол бербеген айрым маселелер бар экенин айтып, аны жойсо боло турганын билдирди.