Бүгүн, 3-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге сөгүш жарыялай турганын айтты.
Өкмөт башчы бул башка өкмөт мүчөлөрүнө сабак болушу үчүн жасалып жатканын билдирди. "Мен өзүм өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш жарыялоону сунуш кылам. Мындай адат башка кайталанбасын. Бул иштен жадакалса мен уялып жатам. Баары ар бир жыйынга суроо бериле тургандай даярданып келиши керек", - деди ал.
Эске салсак, бүгүнкү өкмөттүн жыйынында Марат Мураталиев премьер-министрдин суроосуна жооп бере албай калып, эскертүү алган болчу.
Айта кетсек, бүгүн өкмөттө жаңы окуу жылына жана саламаттыкты сактоо тармагына арналган жыйын өттү.