Ысык-Көлдө 13 өлкөдөн келген жаш сүрөтчүлөрдүн эл аралык лагердик мастер-классы өтүүдө

Ысык-Көлдө КМШ жана Прибалтика өлкөлөрүндөгү көркөм-сүрөт окуу жайынын студенттеринин IV эл аралык мастер-классы өтүп жатат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаеванын SUPER.KG´ге билдиришинче, 2-августта башталган иш-чара 9-августта аяктайт.

“Мен бул иш-чаранын автору болом. Мастер-класска КМШ өлкөлөрүндөгү көркөм-сүрөт окуу жайларынын студенттери, мугалимдери жана профессорлор келишти. Быйыл биринчи жолу Грузия менен Литва өлкөлөрү да катышып жатат. Жалпысынан 13 өлкөдөн 50гө жакын адам катышууда. Бул мастер-класстын негизги максаты - өлкөлөр арасындагы, жаш сүрөтчүлөр ортосундагы жеке байланышты чыңдоо. Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл жөндөмдүүлүгү менен билимин тереңдетүү болуп саналат. Иш-чаранын күн тартибине ылайык, жаш сүрөтчүлөр балдар үйүнө да барып мастер-класстарды өтүшөт, кайрымдуулук иретинде өздөрүнүн эмгектерин балдар үйүнө калтырып кетишет. Жыйынтыгында мыкты эмгектер тандалып алынып, 14-15-августта Бишкек шаарында сүрөт көргөзмө өткөрүлөт”, - деди Алышбаева.

Мастер-класс Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматтакштык фондунун колдоосу менен өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан