"Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын эл түз шайлаш керек", - деп бүгүн, 6-августта "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угууда Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.
Ал бүгүнкү күндө бир дагы шаар башчылыгына аттанган адам программа менен чыкпайт деген пикирин айтты.
"Айыл өкмөт башчылары менен шаар башчыларын эл түз шайлай турган кылыш керек. Бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып чыгып, 70тен ашык добуш алып биринчи окуудан өткөн. Мен көтөргөн мыйзам долбоорунда ар бир айыл өкмөт боло турган адам өзүн өзү көрсөтө алат деп жазылган. Биринчи этапта айыл өкмөт башчыларын гана түз шайлоо кирген. Эми экинчи окууга келгенде сунуш болсо шаар мэрлерин да түз шайлоо боюнча кошсок болот.
Учурда эл шайлаган үчүн президент күчтүү фигурага айланып, парламент шайлаган өкмөт башчы алсыз фигура болуп калды. Ошол сыяктуу эле айыл өкмөт башчылары менен шаар мэрлерин эл түз шайласа алар да күчтүү фигурага айланмак. Учурда түз шайлоо кылуудан бийлик коркуп жатат", - деди Бокоев.
Жыйынга Кубатбек Байболов, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар жана жарандык активисттер катышууда.