Бүгүн, 6-августта Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Оштун "EREM" командасы австралиялык "Вик Вайперс" менен беттешет.
Аталган мелдеште 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Анда Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасында жайгашып, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.
2 турдун жыйынтыгында "EREM" командасы 1 жолу жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Алар алгач катардык "Аль Салия" командасы менен беттешип, 4:1 эсеби менен утуп алган. 2-турда оштук команда учурдагы Азия чемпиону "Чонбури Блувейв" менен кездешип, тилекке каршы, 1:5 эсебинде жеңилип калды. Эми 3-турда "EREM" австралиялык "Вик Вайперс" менен беттешип, кийинки этапка өтүүгө аракет кылат.
"Чонбури Блувейв" 2 турдун алкагында 6 упай топтоп кийинки баскычка өтсө, "Вик Вайперс" 2 беттеште жеңилип, кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эми "С" тайпасындагы акыркы жолдомого "EREM" менен "Аль Салия" күрөшүүдө.
"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:
1-тур, 2-август:
"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;
"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.
2-тур, 4-август:
"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд) - 1:5
"Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар) - 2:4
3-тур, 6-август:
17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);
17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).