Кыргыздын атактуу веложарышчысы Евгений Ваккер Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын велоспорт боюнча федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдешке даярдануу максатында Евгений Ваккер 4-17-август аралыгында Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Машыктыруучу Эркен Акрамовдун айтымында, Евгений Ваккер 43 чакырым аралыкка жана 145 чакырымга жарышат.
Евгений Ваккер Азия чемпиондугунун 4 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалынын ээси, Азия оюндарынын 6 жолку медалчысы, трек боюнча Азия кубогунун ээси жана Олимпиада оюндарынын 3 жолку катышуучусу.