Кыргыз хоккейчилер Словенияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Словенияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы хоккей боюнча эл аралык мелдеште Кыргыздын "Дордой" командасы коло медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Любляна шаарында орун алган мелдеште 2003-жылы туулган спортчулар арасындагы таймашта Кыргыз өлкөсүнөн "Дордой СДЮШОРСИ" командасы катышты. Алар АКШ, Словения, Швеция жана Австриядан келген хоккейчилер менен күч сынашты.

Мелдештин жүрүшүндө Кыргыз спортчулары 2 беттеште жеңишке жетип, 3 беттеште жеңилип калган. Бул жыйынтык Кыргыз командасына коло медалдарды тагынганга мүмкүнчүлүк берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2018-08-06 20:02:36
Азаматтар
0
binur5
2018-08-07 08:34:49
Азаматтар коптогон ийгиликтерге жетишкиле .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан