4-августта Нарын шаарынын борбордук стадионунда Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын "WEF PROFFIGHT 24" мелдеши өткөн. Мелдештин алкагында 19 беттеш орун алып, анда Кыргыз, Тажик жана Өзбек мушкерлери күч сынашты.
Кеченин негизги беттешинде "WEF PROFFIGHT'тын" чемпиондук куру ойнотулуп, анда кыргыз мушкери Нургазы Балтабаев менен өзбекстандык Санжар Эркинов кез келди. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченинде мушташып, Балтабаев 1-раундда эле жеңишке жете алды. Ал беттештин 50-секундасында атаандашын муунтуу ыкмасына алып жеңишке жетти.
Айта кетсек, бул мелдеш Нарын облусу боюнча Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Жыргалбек Турускуловдун демилгеси менен уюштурулган.
"WEF PROFFIGHT 24" мелдешинин жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
Чемпиондук кур үчүн беттеш
Нургазы Балтабаев