Бүгүн, 6-августта Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов жана шаардык кеңештин депутаттары калаа тургундары менен жолугушту. Жолугушууда шаар тургундары шаарды жашылдандыруу, жаңы объектилерди, эс алуу жайларын куруу боюнча өз сунуштарын беришти. Алардын сунушунан кийин Азиз Суракматов өз оюн билдирди.
"Бул жерге шаар көйгөйүн түшүнгөн, билген адамдар чогулуптур. Сиздер айтып жаткан маселелерди мен өзүмө жазып калдым, шаарды өнүктүрүү программасына киргизем. Биздин команда муну ишке ашыруу аракетин көрөт. Шаар тургундары нааразы болуп жаткан аз орундуу маршруттук таксилер боюнча маселени чечишибиз керек. Биз бул боюнча ыңгайлуу жагын карап, жакынкы арада чечебиз.
Экология боюнча айтсам, бүгүн бул боюнча көп пикир айтылды. Чынында өтө көп бак кыйылды. Айрымдары жолду кеңейтүү максатында, айрымдары шамал болуп адамдардын, унаалардын үстүнө кулап калуу коркунучунан улам алынган. Муну кантсе да биз өтө катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Бирөөнү кыйсак, анын ордуна көп жаңы бак тигүүбүз зарыл", - деди Сруакматов.
Азиз Суракматов - Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер. Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.
Жыйынга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана 10го жакын шаар тургундары катышты.