"Бишкектин жолдорун оңдоо иштери кеңейтилет". Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мындай пикирин 6-август күнү Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Суракматов ошондой эле ар бир райондорго кошумча менчик мектептерди салуу зарылчылыгы бар экенин белгиледи.
"Жолдорду оңдоо, жаңы жолдорду салуу багытындагы иштерди кеңейтебиз. Анткени жол тыгындарын азайтуу зарыл. Июль, август айларында жол тыгындары болбойт, сентябрдан кайра күчөп баштайт. Демек, биз ар бир районго дагы кошумча менчик бала бакча жана мектептерди салышыбыз керек. Ал эми мектеп окуучуларын ташып жүрүүчү автобустар боюнча да сунуш түштү. Биз бул маселени ойлонуп, шаар бюджетин карап көрүшүбүз керек. Эгерде шаардык кеңеш бекитип берсе, жасоого болот", - деди Суракматов.
Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана 10го жакын шаар тургундары катышты.