Феликс Кулов: "Шаардык кеңештин депутаттары Суракматовдун, анын туугандарынын ишин көзөмөлдөш керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун ишин тыкыр көзөмөлдөп турушу керектигин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 6-августта журналистерге билдирди.

"Азиз Суракматов боюнча пикирим терс эмес. Учурда коомчулук башкы маселе катары кызыкчылыктардын кагылышуусу, анын курулуш компаниясы тууралуу айтып жатышат. Ал компаниясынан кеткен күндө деле баары бир компания аныкы, муну баары билет. Бул маселенин чечүү Суракматов үчүн чоң маселе, себеби көпчүлүк ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланат деп кооптонууда. Баары анын өзүнөн көз каранды.

Ал уюштуруучу катары өзүн жакшы көрсөттү, ишкердигин түптөдү. Эң башкысы, Суракматовду бир добуштан колдоп жаткан шаардык кеңештин депутаттары анын ишин, туугандарынын, ошондой эле компаниясынын ишин көзөмөлдөп, мыйзам бузууга жол бербеши керек", - деди Кулов.

Азиз Суракматов - Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер. Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rystambekkg
2018-08-06 17:23:36
Озунорду билгилечи. Озунчо орган бардыр
Козомолдойтурган козомолу жок мэрди кордунор го емне болду
+1
Spartak16
2018-08-06 18:52:55
Убагында өзү кыйратып салгансып акыл айтып калганын көрчү.
+1
vikidiki
2018-08-07 01:34:51
Ушу че то креслого жармашкысы келип калган окшойт. Активный болуп кетти да акыркы кундору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан