Футзал боюнча Оштун "EREM" командасы клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун плей-офф баскычына өттү.
Бүгүн, 6-августта Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Оштун "EREM" командасы австралиялык "Вик Вайперс" менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө "EREM" командасы 4 гол киргизип, 2 гол өткөрүп жиберди. Бул жыйынтык менен "EREM" 6 упай топтоп "С" тайпасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 9 упай менен таиланддык "Чонбури Блувейв" болсо, 3-орунда 3 упай топтогон катардык "Аль Салия" болду. Ал эми австралиялык "Вик Вайперс" упайсыз 4-орунду ээледи.
Эми плей-офф баскычында "EREM" командасы ирандык "Мес Сунгун" командасы менен кездешет. Беттеш 6-августта Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алат.
"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:
1-тур, 2-август:
"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;
"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.
2-тур, 4-август:
"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд) - 1:5
"Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар) - 2:4
3-тур, 6-август:
"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар) - 7:2;
"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 4:2.