Индонезияда өтүүчү VIII Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн 120дан ашык спортчусу катышат. Бүгүн, 7-августта "Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда спортчуларды салтанаттуу узатуу иш-чарасы өтүп жатат.
Өлкө башчы өз сөзүндө спортчуларга ийгилик каалап, алардын жеңиш менен келе турганына ишеним артты.
"Силер Азия оюндарына намыс талашканы баратасыңар. Азия континентинде миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке катышууга жолдомо алуу - бул өзү чоң жетишкендик. Азия оюндарына жолдомо алуу күчтүү спортчулардын гана колунан келет. Бул жетишкендикке силер талыкпаган эмгегиңер, өжөрлүгүңөр менен жетиштиңер деп баалайм. Бул бизди кубанта турган окуя. Өлкө намысын коргоп, беттешке чыгуу ар бириңер үчүн өзгөчө сыймык жана чоң жоопкерчилик. Өлкө желегин желбиретип, байгелүү орундарга ээ болсоңор Кыргыз мамлекетинин жеңиши болот", - деди президент.
Эскерте кетсек, Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын 2 шаарында өтөт.