Президент Сооронбай Жээнбеков Азия оюндарына катышуу үчүн бараткан спортчуларды салтанаттуу узатуу иш-чарасында ар бири медаль тагынып келишин каалай турганын айтты. Мамлекет башчы алардын жеңиши өлкө элинин да жеңиши экенин баса белгиледи.
"Мен силерди өлкөнүн эң намыстуу, кайраттуу жана мекенчил уул-кыздары деп билем. Бардык эле жарандардай мен дагы силер менен, силердин жеңишиңер менен сыймыктанам, күйөрманыңар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп келишиңерди каалайм. Силер ошого татыктуусуңар. Спорттук таймашта алсыздар болбойт. Азиянын мен деген күчтүүлөрү менен кыл чайнашкан эрөөлдөргө катышканы баратасыңар. Тек гана өзүңөр үчүн эмес, 6 миллиондон ашык кыргыз эли үчүн жеңиш менен келишиңер керек. Татыктуу атаандаштык көрсөткүлө. Ар бириңердин беттешиңер дүйнө элинин эсинде калсын", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын 2 шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн атынан 120дан ашык спортчу барат.