Нарын шаарындагы Жаңы-Жол унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жардыруу иштерине байланыштуу азыркы тапта аталган чакырым унаалар үчүн жабык. Автоунаалар үчүн жол жакынкы күндөрдө ачылат.