Жогорку Соттун төрайымы: "Сот системин ачык кылуу максатында соттук актылар сайтта жарыяланат"

Сот системин ачык кылуу максатында соттук актылар атайын сайтта жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева маалымат жыйынында билдирди.

"Учурда сот ишмердүүлүгүн электрондоштуруу иштери аткарылууда. Ар бир сотко келген арыз электрондук түргө өткөрүлөт. Бул иштин максаты - сот ишмердигин ачык-айкын жүргүзүү. Бүгүнкү күндө соттун ишин ачык кылуу үчүн сот отуруму өтүүчү залдарда аудио-видео жазуулар орнотулат. Электрондоштуруунун жакшы жагы жарандар ар бир соттук актылар менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаралат. Сайтка сот актыларын жайгаштыруу судьялардын да жоопкерчилигин жогорулатат", - деди Токбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан