Азия оюндарынын ачылышында Кыргыз туусун волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгат. Каныбек уулу тууну бүгүн, 7-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн салтанаттуу узаттуу иш-чарасында өз колуна алды.
Алгач президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, андан кийин тууну Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Каныбек Жолчубековго өткөрүп берсе, Жолчубеков Оңолбек Каныбек уулунун колуна тапшырды.
Айта кетсек, Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн атынан 120дан ашык спортчу барат.