Азия оюндарында 62 килограмм салмак ченинде күрөшүү үчүн Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекованын салмагы жетишсиз. Балбан кыз 7-август күнү "Ала-Арча" резиденциясында өткөн салтанаттуу узатуу иш-чарасында дагы 2 килограмм салмак кошууга аргасыз болуп жатканын журналисттерге айтты. Эгерде төмөнкү салмак ченинде күрөшө турган болсо 3 килограммга арыктоосу керек болот.
"Азия оюндарында 62 килограмм салмак ченинде күрөшкө чыгам. Бирок салмагым азыр 2 килограммга аз болуп жатат. Буюрса, оюн башталганга чейин салмак кошууга жетишип калам. Себеби атаандашыңдан 2-3 килограммга аз болсоң дагы жеңишти колдон чыгарып жиберишиң мүмкүн. Ал эми 57 килограммдык салмакта күрөшөйүн десем арыктоого туура келет. Андай болгон учурда кайра күч жыйнай албай каласың", - деди Тыныбекова.
Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөшкө чыгууга 9 Кыргыз балбаны даярданууда. Спортчулар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Орион" спорт комплексинде окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында эл аралык даражадагы спорт чеберлери Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана 6 спорт чебери машыгууда. Окуу-машыгуу жыйындары 15-августка чейин уланат.
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт.