Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир катар өлкөлөрдө жазуучунун ысымы ыйгарылган объектилер ачылды

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир катар өлкөлөрдө жазуучунун ысымы ыйгарылган объектилер ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн пресс-жыйында айтылды.

"Бир катар мамлекеттер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мааракени өз өлкөлөрүндө кандай өткөрүп, кандай негизги компоненттерди алып чыксак болот деген милдеттерди өз моюнуна алып жаткандыгы бизди кубантпай койбойт. Белгилей кетсек, Өзбекстанда, Азербайжанда, Беларуста Ч.Айтматов атындагы көчөлөр пайда болду. Жакын арада Казакстандын Астана шаарында жазуучунун атын алган көчөнүн ачылуу аземи болот. Ошондой эле Орусия Федерациясынын өкмөтү да жазуучунун атын гүл бакчага ыйгаруу чечимин чыгарып, азыркы тапта ал гүл бакчага Айтматовдун эстелигин орнотуу иштери каралып жатат. Екатеринбург шаарында болсо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен колодон "Жаныбарым, Гүлсары" деп аталган эстелик композициясы жасалып, ал 2-сентябрда, Көчмөндөр оюндары өтүүчү ат майдандын алдына орнотулат. Мындан сырткары Австрия өлкөсүндө да эс алуу багында Айтматовдун бюсту орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана башка бир нече өлкөлөрдө өтөрү пландалууда. Ал эми эл аралык "Түрксой" уюму 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
iaau
2018-08-07 23:04:20
Киев кочосун биз деле ЧАйтматов кылып озгортуп койсок болот эле.
+1
Sabyr_Baymatov
2018-08-07 23:55:19
iaau, Манас (Белинский, же пр. Мира) проспектисинин Темир жол жайгашкан көпүрөдөн баштап, Семетей, Рысмендиев көчөсүнө чейинки бөлүгү Чыңгыз Айтматов проспекти болуп өзгөргөн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан