III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Маданият министрлиги тарабынан 175 миллион сом бөлүндү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу үчүн Маданият министрлиги тарабынан 175 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта атайын жыйын учурунда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

"Көчмөндөр оюндарын каржылоонун негизги бөлүгүн демөөрчүлөрдүн каражаты түзөрү күтүлүүдө. Ал эми биздин министрлик 175 миллион сом бөлдү. Анын 125 миллион сому оюндун ачылуу жана жабылуу аземдерине жумшалат. Калган 50 миллион сом Кырчын жайлоосунда өткөрүлө турган иш-чараларга, ата мекендик жана чет элдик журналисттердин чыгымдарына, ошондой эле этнофестивалды уюштуруу үчүн жумшалат. Этнофестиваль коноктор кыргыз маданияты, салт-санаасы менен таанышып, өздөрүнүн да улуттук өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшсүн деген максатта бул жылы биринчи ирет өткөрүлүп жатат", - деп билдирди министрдин орун басары.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mikoo
2018-08-07 18:14:34
Не кереги бар? Лучше мамлекетти онуктурбойбу
+10
mirana9395
2018-08-07 18:19:15
Тойгоздунар пайдасыз акча иштетип ошончо миллион сомдорду, керексиз нерсеге иштеткенден коро сооп иш кылып уйу жокторго уй чек берип майыптарга жардам берип.ишкана ачып бизге окшогон чет жакта сагаалап жургондорду иш мн камсыз кылбайсынарбы.канчалаган адамдар бир сындырым нанга зар болуп атат, а силер 175миллион сомду жок эле нерсеге коротуп атасынар.мин наалат силерге.
+6
take19
2018-08-07 19:08:01
Министрлик чөнтөгүнөн берип жаткансып айтышат. Мамлекеттин акчасы да. Кайран гана асманга сапырылган акчалар.
+4
Chagylgan1
2018-08-07 22:09:04
Элдин акчасына кол салган уурулар онбосун!!! Кудай бардыр коррупционерлерге...
+2
Rasul94
2018-08-07 23:54:41
Эч жакпайт ушул кочмон оюндар
0
bekmaral
2018-08-08 14:55:39
Ошол акчага эки занкыйган мектеп тушот.Жаштардын келечегин ойлоп мектеп салсанар боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан