III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 179 чет элдик журналист аккредитациядан өттү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 179 чет элдик журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин журналисттер үчүн өткөрүлгөн жыйында айтылды.

"Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 179 чет элдик журналист аккредитациядан өттү, дагы 113 жалпыга маалымдоо каражаттарынын арыздары каралууда. Алардын жатакана, тамак-аш жана транспорт маселелерин өз моюнубузга алганбыз. Азыркы учурда чет элдик каналдар менен оюнду түз алып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мисалга алсак, ТРТ Аваз, Казак ТВ телеканалдары менен алдын ала түзүлгөн келишимибиз бар. Бириккен Араб Эмираттары, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан мамлекеттери да түз алып берүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Ал эми АКШ менен Австралиянын түз алып берүүсү теле эфирдин англис тилинде чыгуусунан көз каранды болот",- деди маданият министринин орун басары Азамат Жаманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muslim_KGstana.
2018-08-07 20:14:56
Бир тыйын пайдасы жок/Мага демек миллион журналист келбейби/Ушул болбогон кочмон оюнуна кеткен акчага мектеп,детсаддарды салса болмок/Ар эки жыл сайын эле бир мамлекетте кантип эле дуйнолук оюн боло берсин тооооба
+3
Chagylgan1
2018-08-07 22:02:13
Ушул кочмондор оюнуна тиешеси барларды ХХХХ ХХХ Элдин акчасын асманна сапырган кандай болот корушсун эле...

Ээ Соке, ордунду мага бер иштегенди эптей албасан, мен корсотом, иштеш кандай болоорун... Коррупция менен чындап курошуу кандай болоорун... Бирок анда, сага да койка берууго туура келет ошол жактан...
0
admin_media
2018-08-08 09:24:29
Chagylgan1, провокация жаратууга жол берилбейт! Билдирүү түзөтүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан