Кыргыз дзюдочусу Фарух Булеркулов Венгрияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз дзюдочусу Фарух Булеркулов Венгрияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеш 10-12-август аралыгында Венгриянын Будапешт шаарында өтүп, ага 90 өлкөдөн 626 спортчунун келүүсү күтүлүүдө. Ал эми Кыргыз Республикасынан бул мелдешке Фарух Булеркулов катышат. Ал 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Фарух Булеркулов бул мелдештен соң 18-август-2-сентябрь аралыгында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан