Оштун "ЕREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалында ирандык командага утулуп калды.
Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан мелдештин плей-офф баскычында Оштун EREM" командасы ирандык "Мес Сунгун" менен беттешти. Беттештин жыйынтыгында Ирандын командасы 8 гол киргизгенге жетишсе, "EREM" 3 гол менен гана жооп бере алды. Муну менен "EREM" мелдештен четтетилсе, Ирандын командасы жарым финалга өттү.
Кыргыз командасынан аталган беттеште Павел Таку 1 жолу жана Улан Байгазы уулу 2 жолу айырмаланды.