III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө (оюнчулардын тизмеси)

Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

2-8-сентябрь аралыгында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындардын 1-этабы 13-августка чейин созулса, 2-этап 18-августта башталып 31-августта аяктайт.

Көк бөрү боюнча Кыргыз курамасынын курамына өлкөнүн мыкты делген улакчылары кирди. Анда Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештин жеңүүчүсү "Ынтымак" командасынан 5 улакчы, Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүсү "Достук" командасынан 4 улакчы жана "Биримдик" командасынан 3 улакчы курамдын тизмесине кирди.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • Марлис Койгелдиев ("Ынтымак") - минген аргымагы Арбат
  • Кубаныч Султан уулу ("Биримдик") - минген аргымагы Атаман
  • Айбек Темирбаев ("Достук") - минген аргымагы Ахилес
  • Эрлан Толобеков ("Ынтымак") - минген аргымагы Дерзкий
  • Таштемир Майлыбашов ("Достук") - минген аргымагы Алай
  • Чубак Нурманбет уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Ак-Куш
  • Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Эрке-Тору
  • Улан Насакеев ("Биримдик") - минген аргымагы Арча Тору
  • Аскат Баатырбек уулу ("Достук") - минген аргымагы Токмок
  • Манас Ниязов ("Достук") - минген аргымагы Бойка
  • Рустам Тыналиев ("Биримдик") - минген аргымагы Комбат
  • Сейитбек Анарбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Кара-Куш
  • Машыктыруучу - Мыктыбек Туташев.
  • Ат багуучулар:
    • Таалай Мырзакматов;
    • Тилек Урманбетов;
    • Калыбек Алтыбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baihan07kenjetaev
2018-08-08 18:16:05
Ахилес Ынтымактын аты эмеспи, Достуктуку эмес.
0
tatum67
2018-08-08 18:22:43
baihan07kenjetaev,Ой кокуй ой бул курама команда да сенин атың менин атым дебейт мыкты аттарды тандап эле минишет. Туура Ахилес "Ынтымак" командасынын аргымагы бирок аны курама командада"Достуктун" оюнчусу Айбек Темирбаев минет.

+1
Kuyoo_bala
2018-08-09 00:10:41
Кучтуу кучтуу...коз тмйбесин.Биздин команда кучтуу буюрса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан