Көзү азиз акын Темирлан Ормуков соттон мурунку баш прокурор Индира Жолдубаевадан 50 миң сом өндүрүп берүүнү өтүндү

Көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы сотко доо арыз жазды.

Маалыматка караганда, доо арыз 7-августта Бишкектин Октябрь райондук сотуна тапшырылган.

Анын сотко жазган доо арызында Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кезде аталган мекеме тарабынан ага карата мыйзамсыз мамиле жасалганы айтылган. 2016-жылы Ормуковдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата жазган "Ажонун ооруп жүрөгү" деген ырын жүйө келтирип, депутат Дастан Бекешев өлкө башчынын кадыр-баркын коргоо максатында автордун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазган.

Ошол учурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын тапшырмасы менен ал ыр боюнча экспертиза түзүлүп, жыйынтыгында текстте аймакка бөлүү белгилери бар экени айтылган.

Ормуков доо арызында Жолдубаеванын аракеттерин мыйзамсыз деп таап, андан жоопкер катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү сураган.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл март айында Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1-тергөө абагына камаган. Ал абактан 11-майда чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2018-08-09 20:19:17
Эң туура чечим кабыл алгансын мыйзам алдында баары бирдей жооп бериши керек
+1
PROS
2018-08-10 08:16:11
50000 элеби? Тиги мульти миллионерге окшоп беш, он миллион доо койсоң байке))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан