Психиатриялык ооруканада жаткан жоокердин апасы: "Баламды ооруканадан чыгарып аскердик мөөнөтүн аягына чейин өтөөгө мүмкүнчүлүк беришсин"

"Баламды ооруканадан чыгарып, аскердик мөөнөтүн аягына чейин өтөөгө мүмкүнчүлүк беришсин" деген кайрылуусун бүгүн, 10-августта маалымат жыйында "Ала-Тоо" полигонунда аскердик кызматын өтөп жатып кордукка кабылган жоокер Карыбек Сейитаалы уулунун апасы билдирди.

"Балам өзү көк бөрү боюнча "Мурас" командасынын мүчөсү болчу. Өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө кеткен. Алгач чалып кызматын жакшы өтөп жаткандыгын айтып турчу. Бирок акыркы жолу чалганда ал кордук көрүп, кызмат өтөөгө келгенден тартып ар кандай чарбалык жумуштарды жасап жатканын айткан. Бул маалыматтарды уккан соң биз Аскер прокуратурасына кайрылганбыз. 2 ай күттүк, эч кандай жыйынтык болгон жок. Мындан улам укук коргоочуга кайрылууга аргасыз болдук. Азыркы тапта балам психиатриялык ооруканада жатат. Жоокерлерди полигондун алардан чоң даражадагы аскерлери бутка атып ойношуптур. Ошол маалда балам эсин жоготуп жыгылыптыр. 2-3 күн Улуттук госпиталга жаткырышып, андан соң психиатриялык ооруканага которуп жиберишкен. Медициналык кароодон өткөн балам аскер кызматын өтөөгө келгенден кийин эле психикалык жактан ооруган адамга айланып калабы?

Мен баламды ооруканадан чыгарып, аны аскердик мөөнөтүн толугу менен өтөөгө мүкүнчүлүк беришин талап кылам. Айтып отурса жоокерлер көптөгөн кордуктарды көрүшүптүр, эми бул иштер толугу менен тиешелүү органдар тарабынан иликтенишин көзөмөлдөө керек", - дейт жоокердин апасы.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан 6 жоокер кордукка кабылгандыгы тууралуу ата-энелер арыз менен кайрылгандыгын айтып чыккан. Башкы штабдын өкүлү Темирбек Козуев билдиргендей, Кой-Таш айылындагы №73809-аскердик бөлүктөгү "Ала-Тоо" окутуу борборунун командирлери кылмыш иши козголгон соң ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Жоокерлерди токмоктоп, кулдай иштетип, акчасын алып жүргөн делген кызматкерлер иштен айдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nestana95
2018-08-10 15:36:46
Кыргызстандын келечеги жок болуп бараткандай сезилет.....эл деп келе жаткан жаштарды жок кылышып,ар бир жерде адилетсиз уй салып,,акча м.н тааныштын заманы курулуп,келечек акчада болуп калды...акчага тойбогон бийлик...чындык учун олгон кайран адамдар..... кыргызстанга баргым да келбей кетет..айла жок мекен озуно тартат
+5
sabirdinovich
2018-08-10 23:20:47
Аскер прокуратурасы кыйратып иштебейт, канча кырчындай алты саны аман балдарыбыз аскерге кетип эле майып болуп же каза болуп келе жатат. Кыргыз армиясы малканага айланып калды, тартип жок, сабагандан башка эч нерсе бербейт, билим, патриоттуулук, Ата-Мекенди сүйүү сезимин токмоктоп өлтүрүп жатса кайдан бермек эле. Армияга барып оорукчан же өлүп келгенче иштеп акча тапсам үй-бүлөмө дагы да пайдалуу болорум ачык кеп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан