super.kg logo

Аскердик бөлүктө сабалган жоокерге тийиштүү жардам көрсөтпөгөн фельдшерге кылмыш иши козголду

 

Аскердик бөлүктө прапорщик тарабынан сабалган жоокерге тийиштүү жардам көрсөтпөгөн фельдшерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы штабдын коррупцияга каршы күрөшүү жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Темирбек Козуев 10-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Жыйынга катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, жоокерди катуу буюм менен кулакка чабышкан.

"Жоокердин кулагы канап кетип, арыктагы сууга жууп жатканда аскердик бөлүктүн фельдшери көргөн экен. Жоокер болгон ишти фельдшерге айтып берсе, фельдшер ал прапорщик буга чейин да жоокерлерди сабап жүргөнүн айтып, кулагына кебез тыгып берип койгон. Андан башка эч кандай медициналык жардам көрсөткөн эмес. Ошондой эле бекитилген уставдарга ылайык, жоокердин кулагынан жаракат алганы тууралуу жетекчиликке билдирген эмес. Кулагы шишип кеткен жоокер туугандарына чалып, дары-дармек алып келип берүүсүн суранган. Ушул окуядан кийин жоокердин жакындары полигондо болуп жаткан кыйноолор тууралуу угушкан", - дейт укук коргоочу.

Ал эми Темирбек Козуевдин айтымында, азыркы тапта үч кылмыш иши козголду. "Биринчиси - аскер кызматындагы жоокерлерди мыйзамсыз чарбалык иштерге тартуу, экинчиси - мыйзамсыз курал сактоо. Ал эми үчүнчүсү кылмышты жаап-жашыргандыгы үчүн фельдшерге карата козголду", - деди Козуев.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буга чейин "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан 6 жоокер кордукка кабылгандыгы тууралуу ата-энелер арыз менен кайрылгандыгын айтып чыккан.



Жоокерлерди токмоктоп, кулдай иштетип, акчасын алып жүргөн делген кызматкерлер иштен айдалды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
10.08.2018. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
396
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундайын билип туруп Армияга барган жокмун ХХХХ ушундай армиянын
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-08-11 23:47:32
10.08.2018. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
gute,ушундайын билип туруп барбасан мекенди ким коргойт.
10.08.2018. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
baisogur,
Мекенди коргойун деп ден соолугу чын адам барса майып кылып жатышса ким барат эле
10.08.2018. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
02-09-2018 13:40
Жынысы:
Белгисиз
+6
baisogur,коргосун ошол озун кудай сезген чон муштумдар...жоокерлерди кул кылганды эле билишет бекен
10.08.2018. 23:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-11-2008
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
baisogur, аскерге барып оорукчан же өлүп келгенче иштеп акча тапсам үй-бүлөмө жумшасам- ошол менин мекенди коргогонум.
10.08.2018. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:32
Жынысы:
Белгисиз
-7
gutе жүрөгүң жок экен
10.08.2018. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
532
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
17-09-2018 12:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
А урган прапорщиктерчи? Аларга кылмыш иши козголбоптурбу?
10.08.2018. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:03
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушундайларды угуп коруп туруп баланды жоноткун келбейт да ар бир ата эне...
10.08.2018. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
334
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит суроттогу Памир элеби
10.08.2018. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
06-11-2008
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Армиянын баркы кетти. Армияга барууну милдеттүү кылбай жоюп салып, жалаң гана контракттык негизде аскер кызматына чыгаруу жана зарыл. Көнгөн экен көпкөн иттей болгон офицерлер кыргыздын кырчын балдарын сабап жүрүп. Аскерге барган ар бир жоокерге айлык 1000$ төлөп берем десин өкмөт, ошондо гана кызмат кылсын жоокерлер
Super TV
11.08.2018. 01:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак Монгулуу Ала Тоо
+1
Саламатсыздарбы Мекендештер.
1. Биз деле ал аскер болукто жакшынакай эле кызмат кылып, милдетибизди аткарып келгенибизге аз эле болду.
СМИге маалымат бергенде Бир жактуу кароо жана ошол боюнча кабыл алуу туура эмес менин оюмда.
2. Кой Таш аскер булугу - бул легендарлуу гвардиялык а/б. Ким кызыгып кызмат кылган болсо, тарыхын окуса билет. Шаг тебишти 1 ай КМБда(курс молодого бойца) эле уйротуп коет
Super TV
11.08.2018. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак Монгулуу Ала Тоо
0
Автомат, ж.б.куралдарды кармап ок аткандан тажайсын, баарын айтыштын кереги жок, китеп кылып жазсан болот. Ал эми Ала Тоо полигунуна, "Алымбек алына жараша" деген соз бар го ошондой балдар барат десе болот.
Super TV
11.08.2018. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак Монгулуу Ала Тоо
0
Ал Жака 10 эле бала болунот
Super TV
11.08.2018. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге бул жерде уголовный дела болуп жатса булар жон эле жумуштан чететтилет буларды камаш керек эле ошондо башкаларга да улгу болот эле Ошто да ушундайлар коп болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: