Бүгүн, 13-августта саат 10:00дө Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтөт.
Аталган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.
Бул жыйында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө маалымат берилип, талкууланат. Иш-чаранын аягында аталган долбоор боюнча чечим кабыл алынмакчы. Ошондой эле 2020-жылга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси да каралат.
Аталган жыйынга өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.