"2040-жылга карата Улуттук стратегиябызда биринчи жолу адам укугуна өзгөчө мамиле жасалып жатат". Бул тууралуу 13-августтагы Улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Өкмөт башчы 2040-жылга карата жасала турган иштер, пландар тууралуу маалымат берди.
"Алдыдагы жылдарда 300 миң жаңы жумуш орун түзүүнү көздөп жатабыз. Биздин максат - Кыргыз мамлекетин бизнес рейтинги боюнча дүйнөдөгү мыкты 50 өлкөнүн катарына киргизүү. Ишкердикти текшерүү азаят. Өкмөт ишкерлердин Бизнес-акыйкатчы институтун ачуусун колдойт. Инвестициялык талаш-тартыштарды соттук эмес жол менен чечүүгө аракет кылабыз", - деди ал.
Ошондой эле кен иштетүүдө элге түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Учурда Бишкекте өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтүүдө. Анда 2040-жылга карата Улуттук стратегиянын жана 2020-жылга карата шайлоо системин өнүктүрүүнүн долбоорлору кабыл алынмакчы. Аталган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу төрагалык кылууда.