Кыргыз спортчусу Ксения Палкина Германияда өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Хехинген шаарында өткөн мелдеште 40тан ашуун теннисчи жана Кыргыз Республикасынан Ксения Палкина гана катышты. Жуптук мелдештин жүрүшүндө Палкина грузиялык Софья Шапатова менен бирге оюн жүргүздү.
Алар алгач грециялык Елени Данилидо жана италиялык Федерика Пратини утуп (6-0 6-2), чейрек финалда хорватиялык Тена Лукас менен Тереза Мрдезаны (6-3 7-5) жана жарым финалда Юлия Гатто (Италия) менен Мишель Хонцованын (Словакия) тобун (6-4 6-2) жеңип алышты. Финалдык беттеште Палкина менен Шапатова Полина Монова (Орусия) менен Шанталь Скамлова (Словакия) менен күч сынашты. Беттештин соңунда Палкина менен Шапатова 6-4, 6-3 эсеби менен жеңилип калып, күмүш медалдарды тагынды.
Ал эми жекелик мелдеште Ксения Палкина алгачкы эле беттешинде польшалык Катарзина Питерден жеңилип калды.