Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын эркин күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан катышат. Алардын арасында атактуу спортчулардан Магомед Мусаев жана Муслим Евлоев бар.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Ташматов;
65 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Осмонов;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Муслим Евлоев;
97 килограммга чейинки салмак ченинде: Магомед Мусаев;
Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов;
Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Табалды уулу.