Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында бокс боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын бокс боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин алдындагы 7 мушкер катышат. Алардын арасында Азат Үсөналиев, Фарида Пупова жана башкалар бар.
Бокс боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарида Пупова;
49 килограммга чейинки салмак ченинде: Мирлан Түркбай уулу;
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Үсөналиев;
56 килограммга чейинки салмак ченинде: Сирожидин Абдуллаев;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Арген Кадырбек уулу;
64 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурлан Кобашев;
69 килограммга чейинки салмак ченинде: Абдурахман Абдурахманов;
Башкы машыктыруучу: Данияр Жусубалиев;
Машыктыруучулар: Марат Шамаматов, Ильяс Маров.