Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарына катыша турган жеңил атлетика боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын жеңил атлетика боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат. Алар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин алдында күч сынашмакчы. Спортчулардын арасында өлкөнүн мыкты жөө күлүктөрү Дарья Маслова, Гүлшаной Сатарова, Илья Тяпкин, Мария Коробицкая жана башкалар бар.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Дарья Маслова;
Виктория Полюдина;
Адилет Кыштакбеков;
Мусулман Жоламанов;
Гүлшаной Сатарова;
Анна Буланова;
Мария Коробицкая;
Илья Тяпкин;
Жамалдин Мусаев;
Нурсултан Кеңешбеков;
Башкы машыктыруучу: Сатыбек Чокаев;
Машыктыруучулар: Татьяна Борисова жана Станислав Манжуев.