Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарынын сууда сүзүү боюнча мелдешине Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашовдун алдында Кыргыз мамлекетинин 3 суучулу катышат. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Денис Петрашов бар.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
Денис Петрашов;
Елизавета Рогожникова;
Владислав Шулико;
Башкы машыктыруучу: Евгений Петрашов.