Жайкы Азия оюндары: Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча мелдешке катышат

Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат. Алардын арасында ушу-саньда боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, кикбокс боюнча дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону Авазбек Аманбеков, кикбокс боюнча Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Рустам Ибрагимов бар.

Кыргыз курамасынын тизмеси:

Авазбек Аманбеков;

Рустам Ибрагимов;

Жоомарт Келдибай уулу;

Тагайбек Өмүржанов;

Канатбек Абдуганиев;

Машыктыруучу: Куан Абдыраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан