Жайкы Азия оюндары: Жиу-житсу боюнча мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат. Алардын арасында Азия жана Европа чемпиондору бар

Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Жиу-житсу федерациясынын президенти, Азия жана Европа чемпиону Абдрахманхажи Муртазалиев, бир нече беделдүү эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Ариет Бекишов, Муртазали Муртазалиев жана Руслан Сагдеев бар.

Кыргыз курамасынын тизмеси:

Абдурахманхажи Муртазалиев;

Ариет Бекишов;

Руслан Сагдеев;

Муртазали Муртазалиев;

Жакшылык Уранов;

Торокан Багынбай уулу;

Нурсултан Алымкулов;

Давран Маразыков;

Абдылдабек Кекенов;

Аязбек Мустаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан