2017-жылы энергетика тармагында 62 миллион чыгым алып келген 15 мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта энергетика тармагындагы коррупцияны талкуулаган тегерек столдо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери Казбек Мамазунуев билдирди.
"Электр энергияны колдонуучулар тарабынан 10 факт аныкталып, сотко 7 иш өткөрүлгөн. 2018-жылы 9 миллион 300 миң сом чыгым келтирүү боюнча 4 мыйзам бузуу аныкталган. 3 иш кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, 1 иш мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча", - деди Мамазунуев.