Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында фехтование боюнча Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган Жайкы Азия оюндарында фехтование боюнча мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат. Алардын арасында Азия чемпиону Роман Петров, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону Хасан Баудунов бар.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
Данышман Жумабай уулу;
Хасан Баудунов;
Роман Петров;
Камиля Абдыл-Хамитова;
Кубатбек Абдурахман уулу;
Башкы машыктыруучу: Нуртай Абдул-Хамитов.